Мыкты соода кызматкерлерине Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков куттуктады.


Замирбек Малабеков соода тармагындагы кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Бишкек шаарынын экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.


«Урматтуу ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясынын атынан Кыргыз Республикасынын соода кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, чыдамдуулук, даанышмандык жана жакшылыктарды каалайм»,-деди биринчи вице-мэр.


Аталган иш-чарага Өкмөт Аппаратынын жетекчиси Нурханбек  Момуналиев, КР Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Марат Аманкулов, КР соода тармагынын кызматкерлеринин  ассоциациясы жана ишкерлер катышты.