Урматтуу шаардыктар! Шаар ишин улантууда. “Ак Бата” суу топтомдорундагы бактерициддик онотуулардан соң,  Ак Бата-9 көчөсүндө Центральный көчөсүнө чейин суу түтүгүн жүргүзүү иштери башталган.

Белгилей кетсек, бул көчөдө диаметри 100мм суу түтүк тармагы мурдатан элежүргүзүлгөн, бирок суу топтом менен байланышкан эмес, ошол себептен көбүнчө бириктирилген жерлерден суу чыгып, жайында жашоочулар арасында ичүүчү суунун жетишсиздиги болгон.

Кошумча суу түтүк тармагы диаметри 160 мм түзүп, түтүктөрдүн байланыштырат, суу анын ичи менен айланып тургундарды үзгүлтүксүз жана жалпы узундук боюнча, суу менен камсыз кылууга  мүмкүндүк берет.

Объектте "Технотоп" подряддык компаниясы иштеп жатат, суу киргизүү ушул жылдын жай мезгилинде аяктайт. Долбоордун наркы шаардык бюджетте каралып, 725 миң 129 сомду түздү,.

“Ак Бата” жаңы конушу 2003-жылы түзүлгөн, аянты 83 гектарды түзүп 5529 тургун  жашайт, балдар №43 орто мектебинде окушат, №25 китепкана иштейт, №14 ҮМБнун №7ҮДТ (үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) бөлүмү, 3 кварталдык комитет, №9 милиция пункту. Бала-бакча жана жаңы мектептин курулушу пландалууда. Свердлов районунда жайгашкан, район башчысы 2019-жылы дайындалган Мурат Осмонов.

Эске салсак, Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен шаардын жаңы конуштарын тоталдык өнүктүрүү боюнча иштери өтүүдө.

Бишкек-сүйүктүү инфраструктуралык шаарыбыз!