Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов калаада биометрикалык маалыматтан 497 миӊ 152 адам өткөн, бул көрсөткүч 74,15% түзөрүн айтты.


«Бишкек шаары боюнча 39 кошумча шайлоо участкалары ачылды. Алдыдагы шайлоого шайлоо участкаларын даярдоого керектүү иштер жүргүзүлүүдө, ошондой эле, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын бирдей тизмесин түзүү процесси жыйынтыкталууда»,-деди калаа башчысы.


Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өткөрүлгөн иштер үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди жана 10 күнгө созулган «Өзүӊдү шайлоочулардын тизмесинен такта» акциясы башталгандыгын эскертти.


Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана шайлоо процесси боюнча бир нече суроолор берилди.


Жыйынга шаардык  шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, төрт райондун акимдери жана МАБдардын башчылары катышты.