Мэрия көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлугү чектелген жарандарга жана пенсионерлерге жардам берүүнү улантууда.
Шаардык мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын командасы 1500дөн ашуун үй-бүлөнү колдоп, азык-түлүк себеттерин таратып беришти.
Эскерте кетсек, өткөн жумада шаардык мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкерлери, ижарачы-ишкерлер менен бирге, Свердлов районунун жашоочуларына миңдеген азык-түлүк топтомдорун уюштурущкан. Жер ресурстары башкармалыгынын жамааты 2 500дөн ашуун үй-бүлөнү колдошту.
Белгилесек, гуманитардык жардам катары райондук штабдарына, штабдардын колл-борборуна, социалдык тармактарга жана ЖМКга келген калктын арыздары боюнча, МАБдар тарабынан түзүлгөн тизме менен таратылып берилген.
Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, муниципалитет, кайрымдуулук фонддор жана борбордун жеке ишкерлеринин көмөгү менен жардамды көбөйтүп жатабыз.
Кыргызстандыктар! Биз сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз! Мындай татаал мезгилде мекендештерге көмөк көрсөтүү баа жеткис жардам, биз бирге пандемияны жеңебиз !
Урматтуу шаардыктар! Өтунөбуз! Эгер сиздерге, же кошуналарыңызга жардам керек болсо, райондук штабдарга кайрылыңыздар. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.
Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;
Ленин району: 656920, 0551 184328;
Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;
Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324
Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!