Шаар ишин улантууда. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы парктарды жана скверлерди, тротуарларды жана велодорожкаларды куруу боюнча иштерди күчөтүп жатат. Ири долбоорлор менен бирге биз борбордогу жолдордо косметикалык жана капиталдык оңдоолорду жүргүзүп, белгилерди жаңылайбыз.

2020-жылы жолдорду капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге 29 көчө кирген. Көчөлөрдүн тизмеси: кап2020год.xlsx.

Азыркы учурда “Бишкекасфалсервис” МИнын кызматкерлери  Тулебердиев жана Кокчетавский көчөлөрүндө капиталдык курулуш иштерин жүргүзүүдө.

Кокчетавский көчөсү боюнча Жаш Гвардия булварынан Ч.Тулебердиев атындагы жаңы паркка чейин жол бордюралары коюлуп, 680 метр узундуктагы асфальт төшөөгө негиз даяр болду.

Жаш Гвардия бульварынан Кокчетавскийге чейин Ч.Тулебердиев көчөсүндө асфальт төшөөгө негизин даярдоо толук кандуу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, бул аймакта жаңы сейил бактын курулушу аяктады. Чолпонбай Тулебердиев атындагы парк 95% га даяр," Бишкекасфальтсервис" ишканасы асфальт төшөө иштерин аяктап, эми 120 отургуч орнотулмакчы.

Эскерте кетсек, паркта Ч.Тулебердиевке эстелик орнотулат. Жигердүү эс алуунун сүйүүчүлөрү үчүн скейтдром болот  http://meria.kg/ru/post/20119.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!