Борбордук мэрия, райондук акимиаттардын кызматкерлери жана МАБдар Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын өз убагындагы санитардык тазалоосуна, азык-түлүк коопсуздугуна жана башка жалпы кырдаалга көз салып турушат.

Ленин районунун “Арча-Бешик” конушунун №71-кварталдык комитетинин төрагасы Үмүт Шаменова карантин учурундагы жаңы конуштун тургундарынын жашоо-турмушу жөнүндө айтуусунда, "Тазалык" МИнын кызматкерлери таштандыларды график боюнча чыгарып кетип жатышат, ал эми Чортеков көчөлөрдүн кесилишиндеги маселени жашоочулар өздөрү түзүдөө, айрымдар уялбай тыюу салынганына карабастан, таштандыларды көчөдө туш келди ыргытышат, ал тургай кээде унааларынан чыкпай туруп эле ыргытып кетишет:

"Биз дайыма жашоочуларга үлөрүнүн айланасындагы тазалыкты сактоо жөнүндө эскертебиз, көрнөктөрдү илип койгонбуз, чаттарда жазуу түрүндө жазып турабыз, бирок натыйжасыз. Мына, азыр эле курулуш таштандыларын таштап кетишиптир, ал эми Тазалыктын кызматкерлери мунун баарын жыйнап, чыгарып кетишти" - деп кошумчалады комитетинин төрагасы.

Дүкөндөрдө азык-түлүк жетиштүү жана баалары жогорулабастан, туруктуу сакталууда, товарларды жеткирүү үзгүлтүксүз ишке ашырылууда. Бардык үкөндөр менен дарыканалар иштеп жатат.

Тилекке каршы, шаарда каттоосу жок, азыркы учурда үйдө отурууга мажбур болгон, күнүмдүк эмгек акынын эсебинен жашап, жошоону-тиричиликтин айынан шаарга келген жарандарга, карантин бардык нерседен кыйын болуп турган кез.

Бишкек шаарынын мэриясы үч багыт боюнча жардам көрсөтүүдөбүз: райондук социалдык коргоо башкармалыгынын, бир катар араб өлкөлөрүнүн кайрымдуулук фонддордун колдоо багыттары боюнча, ошондой эле борбордун ишкерлери тарабынан түзүлүп жаткан азык-түлүк себеттерин таркатуу багыты.

Бардык муктаждарга жардам берү үчүн, мэр Азиз Суракматов райондук штабдарды түзүүнуу тапшырган, чалулар абдан көп болууда, ошондой эле борбордук мэриянын www.meria.kg расмий сайтындагы “Помощь горожанам/Шаардыктарга жардам" http://www.meria.kg/ru/ бөлүмүндө кайрылуу калтырсаңыздар болот.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте 47 конуш бар, алардын ичинен 17си Биринчи Май районунда, 14ү Свердлов районунда, 11и Ленин жана 5и Октябрь райондорунда орун алган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!