Өзгөчө көңүл алдында: борбор калаанын үч балдарды реабилитациялоо борборлорунда жашаган кичинекей бишкектиктер.

Республикалык штаб Бишкек шаарынын мериясынын социалдык өнүгүү башкармалыгы менен бирге балдар борборлоруна төмөнкүлөрдү жөнөтүштү:

150 килограмм кумшекер, 55 литр өсүмдүк майы, 650 куту ар кандай дан азыктар, 125 килограмм гречка, 500 куту кесме жана 130 колбаса, ошондой эле башка азык-тлүктөр.

Бишкек шаарынын мэриясы, бардыгыбыз үчүн кыйын кырдаалда жардам көрсөткөндүгү үчүн, республикалык штабга ыраазычылык билдирет!

Белгилей кетсек, "Айданек" жашы жете элек балдардын реинтеграция борборунда 54 бала, балдар жана жаштар үчүн реабилитация борборунун алдындагы социалдык жатаканада, интернаттардын 23 бүтүрүүчүсү жана балдарды социалдык адаптациялоо борборунда 52 бала тарбияланат.

Бардык коомдук мекемелер карантинге жабык, зарылдыгы жокэч ким чыгарылбайт.

Урматтуу шаар тургундары! Эгер сиздер дагы биздин балдарга кубаныч тартуулап, жардам берүүнү кааласаңыз, балдар борборлоруна түздөн-түз кайрылыңыздар:

1. Жал кичирайону, Курчатов көчөсү 70-үй, тел. 0550 656 521 Мукарам Атамырзаевна;

2.  Балдар жана жаштар үчүн реабилитация борборунун алдындагы социалдык жатакана: Балтагулов көчөсу 1-үй, Тел. 0779 393 503, 0709 761 226 Айзада Кайыпбековна;

3. "Айданек" жашы жете элек балдар үчүн реинтеграциялоо борбору: Учкун жаңы конушу, Сатыбалдиев көчөсу, 97-үй, тел. 0700 480 635 Эльмира Темирбековна.

Өзүңүздөргө, балдарыңыздарга жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!