Бишкекте 6-апрелден баштап, "бейтап-байланыш-борбору-саламаттык сактоо системасы" өз алдынча дартты аныктоо алгоритминин алкагында, КР саламаттык сактоо министрлигинин - 118 ыкчам байланыш кызматы ишин баштаган.

Эки сутка ичинде, 118 кызматына көптөгөн чалуу келип түштү, шаардыктар толугу менен медициналык консультация алышты жана телефон аркылуу ден-соолугу туралуу,  атайын иштелип чыккан анкетаны толтурушту. Бүгүнкү күнгө карата 178 чалуу катталды.

Урматтуу шаардыктар! Маалымат ар бир адамга жетуүсү үчүн, биз сурдокотормочунун жардамы менен жаңдоолордун тилинде видеолорду да даярдадык.

Пандемиянын өсүшүн биргеликте токтотобуз! 118 ыкчам байланыш кызматы эртең мененки 8ден кечки 19га чейин иштейт. Чалуу акысыз!

Өтүнөбүз, төмөнкү учурларда бизге чалыңыздар:

Акыркы 30 күндүн ичинде башка өлкөдөн келген болсоңуз;
Өлкөнүн эпидемиологиялык аймактарына каттасаңыз;
COVID19 инфекциясына чалдыккан адам менен тыгыз байланышта болгон болсоңуз;
Обсервация мекемелеринде же үй карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болсоңуз;
Симптомдорду байкасаңыз: жөтөл башталып, демиңиз кысылса, дене табыңыз жогору болсо.

Адистер анемнез түзүп,анкета толтуруп жагдайга жараша, ал жерге врач, эпидемиолог жана лаборанттын курамында мобилдик медициналык бригада тез арада барып, үйүндө экспресс-скрининг жүргүзүшөт.Бардык кызматтар акысыз!

Урматтуу МЕДИА кызматкерлери! Көмөк көрсөткөнүңуздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз, биргеликте биз вирусту жеңебиз! Илдетке жабыркоого шектенген учурда кайда кайрыла ала тургандыгын ар бир адам билиши үчүн, видеороликти бөлүшүшуңүздөрдү дагы бир жолу өтүнөбүз. Алгачкы диагностика инфекциянын өсүшүн токтотуп, шаардыктардын ден соолугун сактоого жардам берет. Рахмат сиздерге!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!