Свердлов райондук администрациясынын акими эми МАБда иштейт.
Жаы конуштардын жашоочуларынын арасында гуманитардык жардамды рационалдуу бөлүштүрүү маселесин ыкчам чечүү үчүн, Свердлов районунун акими Мурат Осмонов жана анын социалдык маселелер боюнча орун басары Асель Садыкова убактылуу түрдө жаңы жумуш орундарын уюштурушту.
15-апрелге чейин, шейшемби күндөн бейшемби күнүнө чейин өкмөт башчысы райондун "Эне-Сай" жаңы конушунун №10 көчөсүнүн 36-үйүндө жайгашкан №21 МАБында иштейт, телефон номуру: 484270.
Социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары, Асель Садыкова Ак-Тилек конушундагы Чалдыбар көчөсү, 2А дарегиндеги №20 МАБда иш алып барат, телефон номуру: 390691.
Эскерте кетсек, биз гуманитардык жардамды үч багыт боюнча: райондук социалдык башкармалыктардын, бир катар араб өлкөлөрүнүн кайрымдуулук фонддорунун колдоо багыттары боюнча, ошондой эле, борбордун ишкерлери жаңы түзгөн азык-түлүк себетинин таратуу багыты боюнча. Азыктарды жана биринчи зарылдыктагы товарларды жеткирүү тизмелер боюнча так жүргүзүлөт.
Райондук штабдардын номерлери:
Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 64410;
Ленин району: 656920, 0551 184328;
Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 64183;
Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324
Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!