Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмдөрү, эч нерсеге карабастан, мыйзамсыз орнотулган курулуштарды жок кылуу иштерин улантууда.

Жургүзүлгөн түшүндүрүүлөрдөн соң, “Ихлас” курулуш ишканасы веложолго ыңгайсыздык жаратып жаткан, Ч. Айтматов проспектисиндеги темир тосмолорду өз ыктыяры менен жылдыра тургандыгын билдирди. Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы боюнча, тротуар жана веложолдордун масштабдуу курулуш иштери өтүүдө.

“Көчөдөгү жолдор тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында, Кокчетавский көчөсундөгү №343, №239/2, №239, №241 үйлөрүнүн тосмолору бузулду.

Урматтуу ишкерлер, муниципалдык жерлердин ижарачылары! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону өтүнөбүз!

Эгерде мыйзамсыз же туура эмес орнотулган курулушту көрүп калсаңыздар, анда укук бузуулардын сурот жана видеофактыларын  070363383 телефон номуру аркылуу жибериңиздер.

Бишкек-сүйүктүү шаарбыз!