Пресс-турдун жүрүшүндө ЖМК өкүлдөрү КЭЧ-2, «Гагарин» жана №75 орто мектептин казандарынын иштеши менен таанышты.
	
	Калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун айтуусу боюнча, көмүрдүн жалпы  керектөөсү 15 миӊ тоннаны түзөт.  Бүгүнкү күндө 5 тонна көмүр даярдалды.
	
	«Биринчи жолу газ жана көмүр жеткирүүчү бөдрөтчүлөрдүн алдында карызыбыз жок. Бардык иш-чаралар план боюнча жүргүзүлүүдө. Керектелген көмүр алдын ала сатылып алынат. Бардык жылуулук мезгилине тийиштүү маселелер чечилди»,-деди муниципалитет башчысы.
	
	«Бишкекжылуулукэнергонун» директору Алымбек Абдылдаевдин билдирүүсү боюнча, 2014-жылы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы калаанын жалпы билим берүү мекемелеринин 17 кичи көмүр казанын модернизациялоо үчүн 12 миллион сом каражат бөлүндү. Шаардык бюджеттен каржылоо 2 миллион сомду түздү.
	2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине бардык 57 казандар даярдалды,  2,7 км эскирген жылуулук тармагы алмаштырылды.
2015-жылдын апрель айынан июль айына чейин 173 үйдүн үй ичиндеги жылуулук жабдуу тутуму алмаштырылды.