Күн тартибинде оорулардын абалы, адамдар жана жаныбарлар арасында кутурма оорусу менен күрөшүү чаралары, калк арасында ВИЧ/СПИД оорулары талкууланды.
	
	Берилген суроолор боюнчасаламаттыкты сактоо департаментинин жетекчилери жана адистери доклад кылышты.
	
	Жыл сайын республикада адамдар арасында 1-2,  Ошондой эле, жаныбарлар арасында 60-100 кутурма оорусу катталат.
	
	2015-жылдын 6 айында калаанын медициналык мекемелерине айбанаттардын кабууларына кабылган 1535 адам катталган. Эпидемиологиялык изилдөөнүн жыйынтыгында 78% иттин кабууларына кабылгандар экендини аныкталды. Кабуулардын, тиштөөлөрдүн башкы себеби үй жаныбарларын багууда эрежелерди сактабагандыктан келип чыгууда.
	
	Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык абал жана социалдык – маанидеги ооруларды алдын алуу жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ошондой эле, 2015-2020-жылдарга комплекстүү план бекитилген.
	
	
	
	
	