Жолугушууда эки тараптын “Шаарлардын кырсыктарга бекемдигин жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу планы талкууланды.


БУУнун суб-аймактык кеңсесинин башчысы Мадави Ариабанду айым долбоор тууралуу толук маалымат берип, Бишкек шаарынын долбоорго катышуусу башка шаарлар үчүн үлгү болорун белгиледи.


“Долбоор бир нече баскычтан турат, биринчиси – бул долбоор менен иштөөчү  Бишкек шаарынын мэриясынан элди аныктоо жана экинчиси – коркунучтарга анализ өткөрүү. Мындан кийин мэрия бул долбоорду шаарды өнүктүрүү планына киргизе алат”,-деди башчы.


Кезегинде мэр Кубанычбек Кулматов жакынкы аралыкта бул долбоорду ишке ашыруучу топ түзүлүп, Бишкек шаары долбоорго катыша тургандыгын белгиледи.


Аталган жолугушууга вице-мэр Бакытбек Дюшембиев, мэриянын Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Казыбек Кочконов, долбоордун координатору Абдурахим Мухидов жана КР ӨКМнын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Токторбаева катышты.