Жакында төртүнчү жолу райондун балдарын «Ала-Арча» улуттук сейил багына эс алдыруу уюштурулду. «Ак-Өргө», «Ала-Тоо» жана «Ак-Ордо» конушунун 185 баласына жаратылышта эс алуу өткөрүлдү.


Балдарга ысык тамак жана муздак суусундуктар берилип, райондун балдар чыгармачылык борборунан жана спорткомитеттен оюндар, бий, спорттук мелдештер, тоого чыгуу уюштурулду.