Бишкекте Кытай Эл Республикасынын тарабынан келген гранты менен салынаган жолдордун сапаты талапка ылайык келбеген жерлери  12 көчөдө кайра оңдоо иштери  жүрүп жатат. Эске салсак биринчи фаза менен баардыгы 46 жол жасалган. Жумуштун негизги бөлүгү өткөн жылдын күз айларында аяктаган жана подрядчиктер тарабынан сапатына кепилдик берилген. Келишим боюнча пайда болгон кемчиликтер 2 жыл бою подрядчиктер көзөмөлүндө болуп жана кемчиликтер жеке каражатына оңдолот.

Ушул жазда жогорудагы көчөлөр боюнча акт түзүлгөн, акттын себеби инженерлер жана жергиликтүү жетекчилерден тобунан турган комиссиянын доосу болгон. Подрядчик тарабынан  оңдоо иш соңуна чыккан соң, комиссия тарабынан кайрадан сапатын текшерүү иши өтөт.

Көпчүлүк учурда бордюрлардын кулап калышы, жол кырсыгынан улам жол белгилернин ийилип калуусу, суу арыктарынын сапатсыздыгы, тротуарлардын  чөгүп кетиши жана жол кыртышын кайрадан төшөө иштери болуп келет.

Оңдоп- түзөө иштери күз айынын башында аяктайт, бирок кепилдиктин соңуна бир жылы калганына байланыштуу кайрадан жаңы кемчиликтер байкалса подрядчик кайрадан ал ишти өз мойнуна алат.