Жыйынгы ошондой эле, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Күн тартибине бир нече маселелер коюлду:
1. Калаанын парктык аймактарына жана бульварларына ар кандай оюн-зоок аттракциондорун (батуттарды, теннис стол жана шайтан арабаларды ижарага берүү) орнотуу процедурасын иретке келтирүү жөнүндө;
2. «2015-жылга мэрдин милдеттери жана иш пландарын» ишке ашыруунун алкагында шаардын аймагына 100дөн аз эмес балдар жана спорттук аянтчаларын калыбына келтирүү жана оӊдоо иштеринин жүрүшү боюнча;
3. «Көк-Жар» жаӊы конушундагы 280 орунга ылайыкталган бала бакчанын курулушу, 960 окуучуга ылайкталган «Дордой» конушундагы мектептин курулушу жана «Калыс-Ордо» конушундагы гранттык каражаттын эсебинен курулуп жаткан мектептин курулушу;
4. Калаа жолдорунун чуӊкурларын оӊдоодо аткарылган иштердин жыйынтыгы. Кытай грантынын алкагында оӊдолуп жаткан жолдордун (Махатма-Ганди, Ж-Пудовкин, жана .Ауэзов көчөлөрү) курулуш иштеринин жүрүшү жөнүндө. Ибраимов көчөсүн реконструкциялоо боюнча;
5. Өткөн пландык жыйында берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө;
6. Бишкек шаарынын аймагындагы коомдук-саясий кырдаал жана укук тартиптин абалы жөнүндө.
Урматтуу шаар тургундары! Жыйын Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында онлайн режимде өткөрүлөт. Каалоочулар жыйынды көрө алышат.