Борбор калаабыздын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр киргизилди
Ленин районунун мурдагы акими Тынаев Нурдин Раатбекович муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Эскерте кетсек, Тынаев Н. борбор калаанын мэриясынын аппаратынын жетекчиси болуп иштеп, 2016-жылдан баштап Ленин районунун башчысы болуп эмгектенген.
Султанов Токтосун Султанович Ленин районунун акими болуп дайындалды. Буга чейин ал Биринчи Май районунун жетекчисинин ордун ээлеген.
Ал эми, Биринчи Май районунун башчысы болуп Биримкулов Алибек Темирланович дайындалды. Ал Кыргыз агрардык академиясында билим алып, Сокулук жана Панфилов райондорунун акимиаттарынын жетекчилеринин орун басары болуп эмгектенген.
Бул буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койду.
Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!
Тынаев Нурдин Раатбекович
Султанов Токтосун Султанович
Биримкулов Алибек Темирланович