Эӊ курч көйгөйлөрдөн болуп башаламан соода маселеси, айрыкча – Биринчи май районунун аймагындагы велосипеддерди ижарага берүү козголду.


Мындай ишмердик жүргүзүүгө велобизнестин ээлеринде эч кандай тастыктоочу иш кагаздары жок болуп чыкты.


Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков тиешелүү түзүмдөргө  аталган жагдайды карап чыгып, ылайыктуу чараларды көрүүнү буйруду.  


Ошондой эле,  жолдорду куруу  боюнча суроолор талкууланды. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кытай грантынын алкагында оӊдолуп жаткан 3 көчө үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына аяктайт.


ККБнын өкүлдөрү аталган мөөнөткө жолдун унаа жүргөн бөлүгү оӊдолуп, автоунаа кыймылы ачылат деп белгилешти.