Спартакиада 2015-жылдын 17-22-июнь аралыгында өтөт жана ага 9 мектептин командалары катышат.
Иш-чара ден соолукту чыңдоо жана чыгармачылык өнүгүүгө үгүттөө, балдардын каникулун рационалдуу пайдалануу, ошондой эле, коопсуз жана толук кандуу эс алуу шарттарын камсыздоо максатында өтүүдө.
Эс алып жаткан балдар мини-футбол, жеңил атлетика, аркан тартыш, сууда сүзүү, кыймылдоочу оюндар боюнча таймашышат.
Белгилей кетсек, мектеп алдындагы лагерлерге биринчи кезекте жашоо-шарты оор балдар алынат.