Спартакиада 4 күнгө созулуп, анда 300 бала катышат.
Аталган спартакиада «Биз баӊгизатка каршыбыз» ураанында өткөрүлөт.
Спорттук иш-чара спорттун бир нече түрүндө өткөрүлөт: футбол, жеӊил атлетика, стол тенниси, дартс жана шашки.
Жеӊүүчүлөр Октябрь райондук администрациясынын дипломдору жана белектери менен сыйланат.