БШБКТнын директору К.ДЖ. Дандыбаева балдарды жайкы эс алуу каникулу менен куттуктап, жаш окурмандарга китепканада өтүлүп туруучу иш-чараларга катышып, өздөрүнүн билим деңгээлдерин жогорулатууга, пайдалуу кеңештерди алууга, тил маданиятын өркүндөтүүгө китеп окуунун пайдалуулугун белгилеп, китеп окууга үндөдү.

Балдар арасында акыл – таймашы, сүрөт конкурсу, көркөм окуу, жатка айтуу уюштурулуп, баардык катышуучуларга белектер берилди. Акырында балдар үчүн мультфильмдер көрсөтүлдү.