Жолугушууда диний экстремизм, экстремисттик мүнөздөгү идеяларга бөгөт коюу боюнча мамлекеттик мекемелер менен бирге иш алып баруу тууралуу маселелер козголду.
Жолугушуунун соӊунда район башчысы жолугушуунун катышуучуларын диний агым жана багыттардын өкүлдөрү менен улут аралык макулдашууларды бекемдөөгө чакырды.
Мындан тышкары, диний имараттарды каттоо, санитардык-гигиеналык жана архитектуралык-курулуш эрежелерин сактоону эскертип өттү.
Жолугушуу “2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Бишкектеги экстремисттик аракеттерге каршы туруу” мыйзамынын алкагында өткөрүлдү.