2013-жылдын 2-февралында №5-үйдө саат 22:40 өрт чыгып, кесепетинде лифт кабинасы жана шахтасы 1-кабаттан 5-кабатка чейин күйүп кеткен.
2015-жылдын 7-майында гана аталган үйгө жаңы лифт орнотулган. «Бишкеклифт» ишканасы сатып алып орноткон лифттин баасы 1,4 млн сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, лифт жалпы колдонууга берилген мүлк катары көп кабаттуу үйдүн балансына бекитилет.
Бирок, аталган үйдүн тургундары лифт орнотулгандан кийин шериктештик түзүп, лифтти баланска алуудан баш тартышты.
Ошондуктан мэриянын жетекчилиги үй тургундары жана үй комитети менен шериктештикти түзүү зарылдыгы боюнча түшүндүрүү маегин жүргүзүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында жашоочуларга үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин дагы бир жыйналыш уюштуруп, турак жай ээлеринин шериктештигин түзүү маселесин чечүү сунушталды. Болбосо, шериктештик жашоочулардын катышуусу жок эле түзүлөт.