Мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр жүрүүдө.
"Бишкексууканал” өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчиси болуп Бакытбек Дүйшембиев дайындалды.Тиешелүү буйрукка №79-ок калаа башчысы Азиз Суракматов 20.02.2019 кол койду.
Буга чейин Бакытбек Дүйшембиев шаардын вице-мэр кызматын аркалап, шаардын курулуш жана архитектура тармагын көзөмөлдөп келген. Ишканын мурдагы жетекчиси Асылбек Исаев өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.
Шаар курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэрдин милдетин турак-жай чарба маселелри боюнча вице-мэр Рыспек Сарпашов убактылуу аткарууда.
Бишкек – сүйүктүү шаарым!