«Бишкексууканал» ишканасынын маалыматына ылайык, 2019-жылдын 19-февралында 9.00 саат 24.00 чейин борбор калаабыздын кээ бир райондорунда суу өчүрүлөт.
Орто-Алыш суу топтомосунда 35 жаңы скважина салынды. Буга байланыштуу шаарга түшкөн суунун көлөмүн кеңейтүү максатында жаңы салынган Д=1000 мм суу түтүктөрүн шаардын суу түйүнүнө туташтыруу үчүн 19-февралда кээ бир кварталдарда суу токтоп калышын түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз. Тизме бул жерде:
- кичирайондор №3, 4 ,5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, Асанбай, Жал-15, 23, 29, 30, Юг-2, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2;
- жаңы конуштар: Көк-Жар, Үстүңкү Көк-Жар, Арча-Бешик, Ынтымак, Бакаев, Киргизия-1, Киргизия-2, Ала-Арча, Браво, Ордо, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Салкын-Төр, Совмин шаарчасы, Орто-Сай айылы, Чоң-Арык жана Төмөнкү Орок;
- «Бишкектеплоэнерго» отканалары: кичирайондордо Жал-15, 23, 29, «Совмин» шаарчасында, Жал-29 кичирайонундагы балдардын адаптация борбору, №4- шаардык ооруканасы, №5- Банясы, Ротор, Фурманов көчөсү 10, Гагарин көчөсү 74;
- ведомстволук отканалар: «Ак-Кеме» мейманканасы, пр. Ч.Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу турак жай үйлөрдө («Ак Ун»), жана Грибоедов көчөсүндөгү 1/1 үйдө.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты, уюмдарды жана ишканаларды алдын ала суу менен камсыздап алууну өтүнөт.
Ардактуу шаардыктар! Суу маселеси боюнча көйгөй жаралса «Бишкексууканал» ишканасынын төмөнкү номурларына кайрылсаңыздар болот:
- "Бишкексууканал” ишканасынын борбордук диспетчердик кызматы: 56-03-20;
- Үй ичиндеги түйүндөр боюнча бул номурларга чалсаңыздар болот:54-42-45, 54-42-44.
- "Горводопровод" башкармалыгы сырткы түйүндөр боюнча арыздарды кабыл алат: 44-95-97, 44-96-45.
Бишкек – сүйүктүү шаарым!