Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорту күнүмкүдөй ишин улантууда.
Учурда линияга 88 автобус, 1806 маршруттук автобустар жана 135 троллейбус – бардыгы болуп 2100 унаа иштеп жатат.
Аба-ырайынын шартына байланшутуу жолдордо тыгындар пайда болуп, кээ бир жерлерде транспорт кыймылы үзгүлтүккө учурап жатат.
Ошондой эле, №11,14,2,9,7- каттамдар боюнча жүргөн троллебусттар ишин жандандырышты. Эске сала кетсек, Бишкек троллейбустук башкармалыгынын подстанциясында авария болгонуна байланыштуу, Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки Манас проспектисинин бөлүгүндө, Киев көчөсү жана Жибек-Жолу проспектиси боюнча троллейбустар токтоп калган.
Ардактуу шаардыктар! Транспорт кыймылы боюнча пайда болгон суроолор бонча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.
- Троллейбустардын иши боюнча - 0312 657542, 635199;
- Маршруттук автобустардын иши боюнча – 0312 53 36 48;
- Автобустардын иши боюнча - 0312 53 48 24, 53 18 17.
Мындан тышкары шаарыбыздын тургундары жана меймандары үчүн "Inobi — Транспорт Бишкека" мобилдик тиркемеси кызматта.