Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык орто билим берүүчү уюмдарына балдарды электрондук каттоо” маалыматтык автоматташтырылган системасын ишке киргизүү боюнча даярдык иштери талкууга алынды.
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова билдиргендей, азыркы тапта аталган маалыматтык автоматташтырылган система үчүн Убактылуу жобо жана инструкция иштелип чыгууда.
Мекте жашына жеткен балдар биринчи класска он лайн режиминде www.mektep.edu.kg/ сайты аркылуу кабыл алынат. Райондук билим берүү борборлорунун жетекчилери убактылуу жобо менен таанышты. Мындан тышкары мектеп директорлорун окутуу, мектептердин жана бала бакчалардын администрациялары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билим берүү уюмдарын интернет жана керектүү оргтехника менен камсыздоо каралган. Долбоорду ЮНИСЕФ уюму презентациялады.