Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты  Адиса Имангазиева балдарды куттуктады.


Фестивалга №21 мектеп-интернатында тарбияланган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 260 бала, дүлөйлөр үчүн атайы билим берүү мектеп-интернатынан 330 бала, №30 көмөкчу мектебинен 175 бала чакырылды. Ошондой эле, райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 504 бала чакырылды.


Концертке жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары, музыкалык мектептер, адистештирилген мектеп-интернаттарынын окуучулары, №124, №48 адистештирилген мектепке чейинки мекемелер, райондун балдар чыгармачылык борборунун балдары катышты.


Кыргыз эстрада ырчылары Динара Акулова, Жаннета Бобкова, Султан Каримов, замира Мавлянова балдарды куттуктап, ырдашты.