23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгына арналган райондук иш-чара Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №67 окуу-тарбиялоо комплексинде болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчысы Н.Ишекеев, Свердлов муниципалдык администрациясынын башчысы С.Болотбеков, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова ж.б. катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Район башчысы ѳзүнүн куттуктоо сөзүндө мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрүнө токтолуп, бардык катышуучуларды Мекен үчүн талыкпай эмгектенип, мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө зор салым кошууга үндөдү.