23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата Биринчи май районунун аймагында жайгашкан Карылар үйүндө улуттук каада-салт, үрп адат, нарк насилди камтыган иш-чара өткөрүлдү.

Аталган иш-чарада Карылар үйүнүн жашоочулары ыйман, тарбия, үй-бүлө ошондой эле, эне тил тууралуу макал –лакап, накыл сөздөр менен тең бөлүшүп, улуттук ыр – күүлөрүн тартуулашты.

Карылар үйүнүн башчысы Абдылдаева Эркингүл Курманалиевна өз кайрылуусунда кыргыз тилинин ыйыктыгын, барк-баасын белгилеп өттү.