Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациянын башчысы Ренат Айтымбетов райондун санитардык тазалыгы жана кѳрктѳндүрүү боюнча кѳчмѳ текшерүү жүргүздү.


Жакынкы күндѳрү шаар тургундары жана конокторунун эс алуулары үчүн 12-кичи райондо жаңы гүл бакча ачылат.


Учурда гүл бакчаны куруу иштери башталып, гүлдѳрдү отургузуу үчүн кара топурак алынып келинди. Ошондой эле балдар аянтчасы жана орундуктар отургузулат. Мындан тышкары, А.Масалиев кѳчѳсүндѳ жѳѳ жүргүнчүлѳр аллеясы жана веложол  тѳшѳлүүдѳ.


Азыркы учурда 7-кичирайондо таман таштар орнотулууда. Ал эми спорт сүйүүчүлѳрү үчүн №12 үйдүн аянтчасына кѳчѳ машыгуу жабдуулары орнотулат.