1-июнда “Сейтек” балдар чыгармачылык борборунда концерттик программа менен коштолгон шаардык иш-чара өткөрүлөт жана 550 балага балмуздактар таратылат.
Мындан тышкары, калаанын ар бир районунда белектерди тапшыруу менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Ленин райондук администрациясы аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдарын, жетим балдарды, ЧАЭС кырсыгынын жоюлушуна катышкандардын балдарына, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана 2010-жылдын апрель окуясында курман болгондордун балдарына майрамдык иш-чара уюштурат. Ошондой эле, райондун аймагындагы Балдарды калыбына келтирүү борборуна жардамдар көрсөтүлөт.
Октябрь районунда 30-майда саат 10.00до “Шайыр-Балалык” Балдар чыгармачылык борборунан оюн-зоок программа уюштурулат. 1-июнда саат 11.00до “Ата-Түрк” сейил багында цирктик көрсөтүүлөр жана куурчак театрынын майрамдык концерти тартууланат.
29-май саат 10.00до Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрында Биринчи май акимиатынын 600 балага белек тапшыруу иш-чарасы өткөрүлөт.
1-июнда Каражыгач токоюнда Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы балдар үчүн иш-чара өткөрөт. Аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдарын, жетим балдарды, ЧАЭС кырсыгынын жоюлушуна катышкандардын балдарына, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана 2010-жылдын апрель окуясында курман болгондордун балдарына майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Балдар үчүн таттуулар жана суусундуктар таратылат.
Жалпысынан 2942 баланы камтыйт.