Бишкек шаарынын мэриясы Кырчын этно шаарчасында өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын “Көчмөндөр жаңырыгы” этно фестивалынын “Кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы” жана “Улуттук салттуу ырлар жана бийлер”сынактары боюнча 1-даражадагы диплом менен сыйланды.
Мындан тышкары, мэриянын кызматкерлери боз үй тигүү жарышында үчүнчү орунду багындырды.