Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын  билдирүүсүнө ылайык, Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабы Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат.


 Аталган жер бөлүгүндө жер иштери жүргүзүлүп, жаӊы асфальт менен жаптырылат. Айрым жерлерде жолдун өтмөк бөлүгү кеӊейтилип, бордюрлар, арыктар жана тротуарлар орнотулат.


Чүй проспектисинен Жибек Жолу көчөсүнө чейин Ибраимов көчөсүнүн кайра куруу иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.


Иш планы боюнча белгиленген жер бөлүгүндөгү оӊдоо иштери үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин бүтүрүлөт.