Тазалоо иштерине 6 бирдик атайы техника, ошондой эле, сугаруу үчүн атайы техникалар тартылды.
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов мэриянын аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте ишембиликке катышты. Аталган ишембилик Ата-Түрк паркынын аймагында өткөрүлдү.
“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы тарабынан арыктар тазаланып, розаларды кесүү, камыштарды үзүү, клумба гүлдөрүн отургузуу, актоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ошону менен бирге Атай көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейинки жогорку Чоң Чүй каналы тазаланды.
Бишкек шаарынын мэриясы мындай иш-чараларды шаар тургундары колдойт деген үмүттө. Ошондой эле, жакынкы аралыкта калаа таза, жазгы көрүнүшкө ээ болот.