Аталган ишкананын директору Владимир Попов район башчысына цехти көрсөтүп, өндүрүү технологиясы менен тааныштырды. Өндүрүштүн сапатын текшерген тажрыйбалуу адистер иштеген заманбап лабораторияларды көрсөттү.
Маалымат: Ишкана 54 жылдан бери иштеп келет. Темир-бетон менен бетондон ар түрдү максаттагы конструкция жана буюмдар өндүрүлөт, бетондук аралашма жана кеңдик эмес материал: шагыл, кум чыгарылат, мындан сырткары, курулуш кызматын көрсөтөт. Ишкана көптөгөн ардак грамота, ыраазычылык баракчасына жана сыйлыктарга ээ.