- физикалык машыгуулар;
- кандагы канттын өлчөмүн аныктоо;
- кан басымын өлчөө;
- дене салмагын өлчөө, дарыгердин келүүсүнө чейин жардам көрсөтүүнүн ыкмалары менен тааныштыруу иш-чаралары өткөрүлөт.
Аталган иш-чаралардын максаты жарандык коомдун, калктын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоого үндөө болуп саналат.
Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин иш-чара пландарына ылайык, дарылоо-профилактикалык уюмдарында, билим берүү мекемелеринде «Тамактандыруу тазалыгы», «Азык-түлүктүн коопсуздугу» темасында ден соолук бурчтарын түзүү, ушул эле темаларда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тегерек столдор өткөрүү белгиленген.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору азык-түлүк чыгаруучу жана тамактануучу жайларында санитардык-маалымат иштерин жүргүзүүдө.
Шаардык ден соолукту чыӊдоо борбору сергек жашоо боюнча маалыматтык-билим берүүчү материалдарды таратууда.
Бишкек шаарынын Саламатттыкты сактоо департаменти шаар тургундарын Ден соолук күнүнө арналган иш- чарага катышууга чакырат.
Маалымат: Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү 1948-жылы Дүйнөлүк ден соолукту сактоонун түзүлгөн жылдыгына байланыштуу жыл сайын 7-апрель күнү өткөрүлөт.