Баскетбол боюнча кыздар командалары арасындагы мелдеш күн сайын саат 10:00 Раззаков атындагы КТУнун ойноо залында өткөрүлүп, 2015-жылдын 20-февралга чейин улантылат.
Аталган спартакиадага 1997-жылы туулган жана андан кичүү кыздар катышат.
Катышуучулар райондук этапта райондон 2 командадан (I-IIорун үчүн) ойношот. Байгелүү орундарга ээ болгон командаларды Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт комитети даражасына жараша кубок, медал жана дипломдору менен сыйлайт.
Эскерте кетсек, Спартакиадага баардыгы болуп калаанын 4 районунан 8 кыздар командасы катышат.
Келип колдоо көрсөтуп кетиӊиздер!