Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери Биринчи май районунун санитардык абалын текшерүүдө шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузуу фактысын аныктады.
Аталган факт боюнча “Конкорд” кафесинин жетекчиси Г.Р.Орозбаевдин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин № 489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биричи май райондук администрациясынын комиссиясынын кароосуна жиберилди.