Жолугушуу Бишкектин аймагындагы муниципалдык долбоорлорду ишке ашырууда инвестициалык каражаттар маселесин талкуулоо максатында өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков алдыдагы кызматташуу жөнүндө бардык сунуштарды угууга даяр экенин белгиледи.
“Шаардык бюджеттен калааны өнүктүрүүгө тийиштүү каражат бөлүнбөйт. Бул себептен шаарды өнүктүрүүгө инвестиция тартууга туура келет”,-деп белгиледи вице-мэр.
Кезегинде башкы директор Ли Йонжман катышуучуларга компания тууралуу айтып, эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташууга кызыктар экенин белгиледи.
“Биздин максат инвестиция салуу үчүн шаардын дараметин билүү”,-деди Ли Йонжман.
Жыйынтыгында эки тарап шаардыктар үчүн социалдык турак үйгө багытталган конкреттүү сунуштар менен жолугушууну сүйлөшүштү.