Келишимдин жалпы суммасы 22 млн. еврону түзөт,  анын ичинде 11 млн. евро ЕРӨБ кредити, СФА тарабынан ЕРӨБ на берилген 3 млн өлчөмүндөгү грант жана «Борбордук Азия үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» Фонду аркылуу Европалык комиссия каржылаган 8 млн. евро суммасындагы инвест-грант.  Бүгүн мэрияда дал ушул 8 млн. еврону түзгөн гранттык келишимге кол коюлду. Ал эми 3 млн. евролук грант жана 11 млн. евролук кредитке 2014-жылы кол коюлган.


Жогорудагы гранттык келишимге кол коюлары менен бардык үч келишим күчкө ээ болуп, долбоордун биринчи фазасы ишке аша баштайт.
Долбоор  айлана- чөйрөнүн жагымдуу сапатын сактоо жана калаанын, турак жайлардын, шаардын чет жакасын санитардык-эпидемиологиялык акыбалын жакшыртуу максатында ишке ашууда.

Долбоордун стратегиялык милдеттери:
•         Бишкек шаарындагы  кургак тиричилик калдыктарын заманбап башкаруу процессин уюштуруу
•         Бүтүндөй циклди башкарууну жөнгө салуу:  чогултуу, чыгаруу, кабыл алуу, иргөө, кайра иштетүү жана таштандыларды көмүү.
Учурдагы  таштандылар ташталган жердин зыяндуу таасирин токтотуу үчүн кургак тиричилик калдыктарын  кайра иштетүү  жана коопсуз көмдүрүү  маселесин принципиалдуу негизде чечүү.
Долбоор чегиндеги чечилуучу маселелер:
•         Учурдагы шаардык таштанды төгүлүүчү жайдын рекультивациялоо жүргүзүлүп, айдап баруу жолдору менен  ылайыктуу болгон инфраструктурасы бар жаңы санитардык полигон курулат.
•          Кургак тиричилик калдыктарын механика-биологиялык иштетүү жана сорттоо боюнча жер бөлүнүп берилет.
•         Таштанды үчүн контейнерлер жана таштанды ташуучу унаа сатылып алынат, контейнер коюлуучу жерлер оңдолуп,  жабдылат. Ушул жылдын башынан тарта тендер боюнча документтер даярдалууда, ал эми тендер  2015-жылдын февраль-март айларында өткөрүү пландаштырылды.
•         Окутулуучу жайларда таштандыларды бөлүп чогултуу системасын уюштуруу маселеси иштелүүдө.  Ошондой эле,  шаар ичинде пластик жана кагаз чогултуучу контейнерлер орнотулат.
•          Жаны технологияларды колдонуу менен ишке ашырууну оптималдаштыруунун жолдору каралууда.
•        Кургак тиричилик калдыктарын  чогултуу жолдорун оптималдаштыруу программасы жана төлөмдөрдү  чогултуу боюнча программалык камсыздоонун жолдору иштелүүдө. Ошондой эле,  кургак тиричилик калдыктарын чогултуу жана шаар ичинен чыгарууну байкоо жүргүзүү  үчүн GPS-жабдуу орнотулат.
•         Жаңы санитардык полигондун электр жана суу жабдуусу жана таштандыларды механика-биологиялык иштетүү  жана иргөө жери кеңейтилет.
•         Долбоордун чегинде кургак тиричилик калдыктарын  башкаруу системасы толугу менен өзгөртүлөт.
Таштандыны  кайра иштетүү жана иргелөө линиясы, кайра иштетилгенден кийинки калдыктарды көмдүрүү полигонунун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруу 2015-2016 жылдарга пландаштырылды.
Кийинчирек завод концессия аркылуу өткөрүлөт. Кызыкчылыгы бар компаниялар ачык принциптин негизинде  ӨРЕБнын эрежелерин жана иш жүргүзүүсүн колдонуу менен тандалып алынат.