Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнүмамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө”  токтомуна ылайык, мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлерине жана райондун Жергиликтүү аймактык башкармалыктарга “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” курсу уюштурулду. Аталган курс Октябрь райондук администрациясынын кичи жыйын залында өткөрүлдү.


Курстун жана  сынактын жыйынтыгы  боюнча, 23 кызматкерге тастыктама тапшырылды.


Аталган иш-чарага райондун башчысынын орун басары Токтосун Султанов, райондун башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Жамалкан Мамытова, райондун кызматкерлери катышты.