2026-жылдын 3-мартында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Манка-Жар коктусундагы сел сактоочу жайды көрүп чыгып, жакын жайгашкан конуштун  тургундары менен жолугушту.

Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө калаа башчысы учурда коктунун аймагында сел жүрүү коркунучу болжолдонбой турганын, ал эми азыркы аба ырайынын шарттары калкка жана шаардык инфраструктурага коркунуч жаратпай турганын белгиледи. Абал шаардык кызматтардын туруктуу көзөмөлүндө.

«2023–2024-жылдары жакынкы конуштагы  үйлөрдү суу каптап, айрымдар бул маселени чече албайбыз дешкен. Бирок өз убагында жана координацияланган чаралардын аркасында 2025-жылы суу каптоого жол берилген жок. Аткарылган иштердин алкагында 6 миң тонна таштанды чыгарылды, ал эми жаңы сел сактоочу жайлар 42 миң куб метрге чейин сууну кармап турууга мүмкүнчүлүк берет», — деди мэр.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы менен биргеликте суу каптоонун алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырды. Атап айтканда, Манка-Жар коктусундагы эки суу ташкынына каршы дамба 1615 куб метр көлөмүндө тазаланды. Ошондой эле Төмөнкү жана Жогорку Орок айылдарынын аймагында, Семетей — Мотуке уулу Жакыпбай көчөсүндө эки сел сактоочу жай курулуп, тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында айланасы тосулду.

Эске салсак, буга чейин нөшөрлүү жаан-чачындан улам  Арча-Бешик, Жер-Ынтымагы жана Орок конуштарындагы үйлөрдү суу каптаган. Азыркы учурда көрүлгөн чаралардын негизинде 260тан ашуун турак жай мүмкүн болгон суу каптоодон жана табигый кырсыктын кесепеттеринен корголду.

Тургундар мэрге аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирип, көрүлгөн чаралар аймактагы коопсуздукту   кыйла жогорулатканын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Айбек Джунушалиев конуштун  ичиндеги арык тармагын тазалоону камсыз кылуу жана пландалган бардык иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.