2026-жылдын 3-мартында Бишкек шаарында мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордунда заманбап маданий борбордун курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле райондун тургундары катышты.

Долбоорду Бишкек шаарынын мэриясы ишке ашырууда. Жаңы маданий борбор шаардыктардын маданиятын, искусствосун жана эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган маанилүү коомдук жай болот.

Салтанаттуу сөзүндө калаа башчысы бул күн шаардын тарыхында өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, келечектеги маданий борбор жөн гана имарат эмес, искусство, чыгармачылык жана жаштар демилгелерин ишке ашыруучу заманбап аянтча болорун баса белгиледи.

«Бул жайдын айланасында ар кандай пикирлер жана талкуулар болду. Бул жерде эч кандай турак жай курулбай турганын дагы бир жолу белгилейм. Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен бул жерге мурдагы “Чатыр-Көлдөн” кем калбаган заманбап маданий борбор салынат. Курулуш нормалары, иш графиги жана белгиленген талаптар толук сакталган шартта, курулуш быйыл аяктап, сентябрь айында объекттин салтанаттуу ачылышы пландалууда», — деди А. Джунушалиев.

Долбоордун алкагында жер алдындагы 92 унаа токтотуучу жайы бар үч кабаттуу имарат куруу каралган. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Борбордо 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театрдык класстар, фуд-корт зоналары, ошондой эле 330 орундуу көргөзмө залы жайгашат.

«Фрунзе шаарынын энциклопедиясынын» маалыматына ылайык, «Чатыр-Көл» кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда  ачылып, 600 орунга ылайыкташкан. 2010-жылы имарат улутташтырылып, «Учур» мамлекеттик жаштар театрына өткөрүлүп берилген. Бирок капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана акыркы жылдары объект пайдаланылган эмес. 2025-жылдын 5-ноябрында имаратта өрт чыгып, андан кийин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү шаардык кызматтарга объекттин мындан аркы тагдырын аныктоо жана жаңы маданий борбордун курулуш долбоорун тездетүү боюнча тапшырма берген.