2026-жылдын 22-февралында Бишкек шаарында, борбордук Ала-Тоо аянтында Ата Мекенди коргоо  күнүнө арналган  майрамдык концерт болуп өттү.

Салтанаттуу кече диджейлердин музыкалык аткаруулары, көркөм бий номери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын үйлөмө оркестринин аткаруусу менен ачылып, иш-чарага майрамдык жана патриоттук маанай тартуулады.

Концерттик программага белгилүү ырчылар жана аткаруучулар катышты: Стас Михайлов, Zivert, Филипп Киркоров, Николай Басков, Слава, Tasso, ошондой эле кыргыз эстрада ырчылары — Мирбек Атабеков, Омар, Гулзада Рыскулова, Жылдыз Осмоналиева жана Аксай. Алардын чыгармалары көрүүчүлөрдүн зор колдоосуна ээ болуп, майрамдык программанын маанилүү бөлүгүнө айланды.

Кеченин өзгөчө окуяларынын бири — концерт көрүүчүлөрүнүн арасында өткөрүлгөн байге ойнотуу болду. Оюнлун алкагында 10 даана CHANGAN автоунаасы, 10 даана iPhone 17 Pro смартфону жана 10 даана iPad планшети тапшырылды.

Майрамдык куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев кайрылды. Ал бардыгын Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, аскер кызматкерлерине, ардагерлерге жана өлкөнүн тынчтыгы менен коопсуздугун камсыз кылып турган жарандарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана тынч асман каалады.

"Бүгүнкү тынчтык заманда Ата Журтту тунук акыл, терең билим жана бабаларыбыздын наркын сактоо менен, таалим-тарбия аркылуу коргоо, өнүктүрүү жана даңазалоо талап кылынууда. Кыргызстан эли силердин кажыбас кайратыӊарга, бекем эркиӊерге жана алган билим-тарбияӊарга таянат. Эгемендүү Кыргызстандын тынчтыгы менен бейпилдиги ишенимдүү колдордо деген элдин үмүт-тилеги ар дайым акталсын. Мекенчилдигибиз бекем болуп, элибиздин биримдиги чыңдалып, өлкөбүздүн келечеги кең болсун", — деп белгиледи Мамлекеттик катчы.

Кеченин жыйынтыгында жагымдуу финалдык номерлер аткарылып, андан соң аянт үстүн майрамдык фейерверк жарык кылды.