Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кожомкул спорт сарайында көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйынга тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери, подрядчылардын өкүлдөрү, Мамлекеттик спорт агенттигинин директору жана Биринчи май районунун башчысы катышты. Калаа башчысы имараттын учурдагы абалын, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелерин жана спорт сарайды реконструкциялоонун кийинки этаптарын карап чыкты.

Талкуу учурунда шаар тургундарынын муктаждыктарын эске алуу менен имаратты реконструкциялоонун заманбап жана функционалдык концепциясын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду. Мэр Кожомкул спорт сарайы шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана реконструкция учурунда анын архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.

Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга долбоордун концепциясын ыкчам иштеп чыгуу, алдын ала долбоорду даярдоону тездетүү жана жумуштарды этап-этабы менен аткаруу тапшырмасын берди.

Шаар тургундары үчүн спорттук инфратүзүмдү жакшыртып, суу спорту үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында заманбап бассейн куруу артыкчылыктуу маселе катары каралды.

Иш сапардын жыйынтыгында жооптуу мекемелерге спорт сарайынын баштапкы көрүнүшүн сактоо менен реконструкция иштерин тездетүү тапшырмалары  берилди.