Бүгүн борбор калаада №62 мектеп-гимназиясынын заманбап спорт аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев мектеп жамаатын жана окуучуларды жаңы спорт аянтчасы менен куттуктады.
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 119 мектепте 260 миңден ашуун окуучу билим алат. Акыркы эки жылда 26 мектеп, кошумча имараттар, бала бакчалар курулду. Биздин максат - ар бир окуучунун өз мектебинде спорт менен машыгуусуна шарт түзүү. Спорт аянтчаларын жакшыртуу жана куруу боюнча иштер мындан ары да улантылат", - деп баса белгиледи мэр.
Объекттин жалпы аянты 1,45 гектарды түзөт. Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган. Долбоорду Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы ишке ашырып, подрядчы «Омар Групп» ЖЧКсы болгон.
Мектеп окуучулары үчүн жалпы аянты 750 чарчы метрди түзгөн эки кичи футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчасы, ошондой эле 1600 чарчы метр платц аянтчасы жана башка спорт аянтчалары курулган.
Айланасы жашылдандырылып, автоматташтырылган гибриддик сугат системасы орнотулуп, 6200 чарчы метр жерге газон себилди.
Коопсуздук үчүн аянтчалар тосулуп, кечки жарыктандыруу жана видеокөзөмөл системалары орнотулган. Жыл бою спорттук иш-чаралар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз резина капталган чуркоо жолу түзүлгөн.