Т.Усубалиев атындагы аянтта Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө атайын техникаларды жана кызматтык автоунааларды салтанаттуу тапшыруу аземи өттү.

Бүгүн, 2025-жылдын 2-сентябрында борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин катышуусунда коллегия болуп өттү.

Мэр шаарды өнүктүрүү, тейлөө кызматтарын жакшыртуу жана шаар тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жаңы атайын техникаларды тапшырылып жатканын белгиледи.

Алсак, «Бишкексууканал» (21), «Бишкекасфальтсервис» (16), «Бишкекшаарлифт» (16), Бишкек шаардык транспорт (6) муниципалдык ишканаларына, муниципалдык инспекцияга (20) жана Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына (10) жалпы 75 даана атайын техника, анын ичинде жүк көтөргүч, суу ташуучу унаа, автосамосвал, жүк ташуучу унаа, ошондой эле «Chevrolet Cobalt», пикап жана башка  унаалар өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, техникалар шаардык бюджеттин жана ишканалардын өздөрүнүн каражатынын эсебинен алынган.

Мындан тышкары, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн чарба тармагына дагы өзгөчө көңүл бурулуп, 2024-2025-жылдары муниципалдык ишканаларга жалпы 243 даана атайын техника сатып алганган.

"Биз муну менен эле токтоп калбастан, ишкана-мекемелерди  техникалар менен жабдууну уланта беребиз. Сиздерге тапшырылып жаткан техникалар бюджеттин эсебинен алынган. Ошондуктан, аны жоопкерчилик менен пайдаланып, ишиңиздерге болгон мамилени дагы да жогорулатууга чакырам. Ар бир техника – бул шаарыбыз үчүн кызмат кылат, аны аярлап, туура пайдаланып, сапаттуу тейлөө көрсөтүү – ар бириңиздердин милдетиңиздер", - деди калаа мэри.