Бүгүн, 26-августта "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигинде Бишкек мэриясынын шаарды жашылдандыруу жаатындагы ишин жаңы форматта чагылдыруу боюнча масштабдуу иш-чара өттү.
Иш-чарага экологиялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, экоактивисттер, эковолонтерлор, коомдук экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышуучулар менен учурашып, сөз сүйлөдү. "Бизге жашыл шаар тапшырылды жана ал эртең ошол бойдон калышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Албетте, кандай гана иште болбосун кемчиликтер болот. Бул тууралуу айткандан коркпойбуз. Биргелешкен аракет менен көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдорун табабыз деп ишенем", - деп баса белгиледи борбор калаа башчысы.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Бишкекжашыл курулуш” ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик тартууланды. Андан соң иш-чаранын коноктору үчүн питомникке экскурсия өткөрулүп, анда адистер ишкананын жасаган иштери тууралуу так көрсөтүп, айтып беришти.
Соңунда иш-чаранын катышуучулары менен «Жашылдандыруу боюнча аткарылган иштер жана келечектүү пландар» деген темада талкуу жүрүп, анда Бишкек шаарынын мэри жана эксперттер ЖМК өкүлдөрүн жана блоггерлерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.
"Бүгүн биз борбор калаадагы бак-дарактарды сактап калуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Бүгүн айтылган бардык чечимдер жана сунуштар ишке ашыруу үчүн кабыл алынат", - деп баса белгиледи мэр.
Маалымдама: Борбор калаада жыл сайын 15 миңдей бак-дарак отургузулуп, жашыл аймактарды түзүп, экологияны жакшыртат. Шаардык питомниктерде 45 миңден ашык көчөт өсөт: липа, клен, терек, эмен, кайың, арча жана башка түрлөрү, алар келечекте шаардын жашыл фондусуна кирет. Ишкананын балансында 248 миңге жакын бак бар. 2025-жылдын 7 айында 7 миңден ашуун бак-дарак отургузулду. Борбор калаанын гүлзарларына жыл сайын 1,5 миллиондон ашык бир жылдык гүл отургузулат.
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан чоң иштер жасалып жатат. Алардын бири ишке киргизүү пландалган МЖӨ долбоору: мөмө питомниги (инвестиция 1 млн АКШ долларынан жогору) — шаарды жашылдандыруу үчүн өздүк базаны өнүктүрүүгө багытталган, бул көчөт материалын сатып алуудан баш тартууга жана биологиялык ар түрдүүлүктү күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле Дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасындагы абанын сапатын жакшыртуу» долбоору. Бишкек шаарын жашылдандырууга, ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жашыл аянтчаларды багуу үчүн жабдууларды сатып алууга 7,1 млн АКШ доллары өлчөмүндө максаттуу каржылоо алынган. Бул “жашыл алкак” – экологиялык маршрутту түзүү демилгесинин аркасында мүмкүн болду. Бүгүнкү күндө 18 скважинаны бургулоо, жаңы көчөттөрдү отургузуу жана 20дан ашык атайын техникаларды сатып алуу иштери жүрүп жатат.
Быйыл Бишкек шаарында Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын нугун тазалоо иштери толук аяктады. 106 миң 702 тонна таштанды чыгарылды, салыштыруу үчүн бул “ХОВО” атайын техникасынын 4 миң 821 сапары.
Мындан тышкары бак-дарактарды зыянкечтерден коргоого жыл сайын өзгөчө көңүл бурулат. Апрель, май айларында жашыл аймактарды профилактикалык дарылоо иштери жүргүзүлгөн. Дал ушундай мамиле коркунучтуу бак-дарактардын кулашын дээрлик үч эсе кыскартууга мүмкүндүк берди. 2024-жылы Бишкекте мындай 125 учур катталган. 2025-жылы болгону 43.