Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында «Мадина» базарында көрктөндүрүү жана санитардык, өрт коопсуздугу боюнча талаптарга ылайык келтирүү рейддик иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мэрдин орун басары Рамиз Алиев чарба субъектилеринин ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Коомдук тамактануучу жайларда бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, Бишкек шаарынын МСЭКБна санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүү тапшырмасы берилди.
Муниципалдык инспекцияга күн сайын көрктөндүрүү жана санитардык нормаларды сактоо боюнча рейддерди өткөрүп туруу, тиешелүү чараларды көрүү милдети жүктөлдү.
Ошону менен бирге, базардагы соодагерлерге ар дүйшөмбү күнү санитардык күн өткөрүү сунушталды.
Инспекциянын жыйынтыгында тиешелүү шаардык кызматтарга базар аймагында тартип орнотуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.